# 29-берене. Илимдин улуттук фонду

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 29-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-29

---

1. Илимдин, техниканын жана инновациялардын өнүгүүсүн камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү үчүн Илимдин улуттук фонду түзүлөт.

2. Илимдин улуттук фондунун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:

1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, илимий-техникалык программаларды жана илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоого;

2) илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин, илимий жамааттардын жана уюмдардын илимий изилдөөлөрүнө гранттарды каржылоого;

3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоого;

4) илимдин жана техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды, анын ичинде кадрларды чет өлкөдө даярдоо программаларын ишке ашырууга;

5) илимий жана илимий-техникалык маалыматтарды жарыялоого, алууга жана камсыз кылууга (журналдар, электрондук материалдар ж.б.);

6) илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды жана башкаларды) өткөрүүгө жана катышууга.

3. Илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин формасына карабастан жогорку окуу жайларына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына Илимдин улуттук фондунун каражаттарынын эсебинен грант алуу үчүн конкурска катышууга тең жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.

4. Илимдин улуттук фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-30)
