27-берене. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Илимий жана илимий-техникалык ишти каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жылдык чыгашалардын көлөмүнөн 1 пайызга чейинкини түзгөн республикалык бюджет;
2) Илимдин улуттук фонду;
3) бюджеттен тышкаркы фонддор;
4) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
5) кредиттер жана гранттар;
6) илимий-изилдөөлөрдөн, басма, консультациялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштен алынган илимий жана илимий-техникалык уюмдардын каражаттары;
7) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялар.
2. Илимий жана илимий-техникалык ишти финансылык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. Илимий жана илимий-техникалык иштерди кайрымдуулук же келишимдик башталышта өз каражаттарынын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырган жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жеңилдиктер берилет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О науке и об основах государственной научно-технической политикиЗакон · 02.06.1999 · № 44 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 января 1999 года №53 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О науке и об основах…Постановление · 28.01.1999 · № 53 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-27" title="27-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>