# 24-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 24-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-24

---

1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илимди жана техниканы, тиешелүү илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын деңгээлин аныктоо максаттарында жүргүзүлөт.

2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусунда жүргүзүлөт.

3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн экспертиза жүргүзүүгө тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Экспертиза жүргүзүүгө каражаттар илимий-техникалык ишти каржылоого жалпы сарптоолордун көлөмүндө каралат.

5. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза органдарынын иши жана уюштуруу тартиби жана алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-25)
