24-берене. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза илимди жана техниканы, тиешелүү илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын түзүмүнүн жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык потенциалды пайдалануунун натыйжалуулугун талдоо, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын деңгээлин аныктоо максаттарында жүргүзүлөт.
2. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусунда жүргүзүлөт.
3. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрүн экспертиза жүргүзүүгө тартуу контракттын (келишимдин) негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Экспертиза жүргүзүүгө каражаттар илимий-техникалык ишти каржылоого жалпы сарптоолордун көлөмүндө каралат.
5. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза органдарынын иши жана уюштуруу тартиби жана алардын түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-24" title="24-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>