# 22-берене. Улуттук, мамлекеттик жана мамлекеттер аралык илимий-техникалык программалар

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 22-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-22

---

1. Улуттук илимий-техникалык программалар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жараша түзүлөт жана маанилүү социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө багытталат.

2. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар улуттук программаларды ишке ашыруунун негизги каражаты болуп саналат.

3. Мамлекеттик илимий-техникалык программалар илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актыларга ылайык конкурстук негизде тандалып алынган максаттуу долбоорлордун жана иштеп чыгуулардын негизинде түзүлөт жана ишке ашырылат.

4. Мамлекеттик илимий-техникалык программалардын ар бири боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон мамлекеттик органды, илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аныктайт.

5. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-23)
