# 18-берене. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 18-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-18

---

1. Мамлекет илимий эмгектин кадыр-баркын жогорулатууну, илимий-техникалык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана укуктук корголушун камсыз кылат.

2. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) таланттуу жаштарды издөө жана тандап алуу системасын түзүүнү камсыз кылат;

2) жогорку окуу жайларынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;

3) жаштарды стажировкадан өткөрүүгө, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илимий-изилдөө жумуштарында, илим жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында айкалыштырып иштөөлөрүнө көмөк көрсөтөт;

4) Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону координациялайт.

3. Илимди, техниканы, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий жана илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо өзгөчөлөнгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар, көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктар белгиленет.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-19)
