18-берене. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Мамлекет илимий эмгектин кадыр-баркын жогорулатууну, илимий-техникалык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана укуктук корголушун камсыз кылат.
2. Илимий жана илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) таланттуу жаштарды издөө жана тандап алуу системасын түзүүнү камсыз кылат;
2) жогорку окуу жайларынын, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк уюмдарды түзүүнү камсыз кылат;
3) жаштарды стажировкадан өткөрүүгө, илимий кызматкерлердин, окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илимий-изилдөө жумуштарында, илим жана билим берүүнү интеграциялоонун башка формаларында айкалыштырып иштөөлөрүнө көмөк көрсөтөт;
4) Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону координациялайт.
3. Илимди, техниканы, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий жана илимий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоодо өзгөчөлөнгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар, көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктар белгиленет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-18" title="18-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>