# 14-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин укуктук абалы

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 16.06.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 170 "О науке"](https://aqlex.ai/kg/doc/112661)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2417/edition/1277069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111606/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу, 14-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-14

---

1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер төмөнкү укуктарга ээ:

1) мамлекеттик, коомдук же башка уюмдар тарабынан конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча ага берилген иштерди жана долбоорлорду каржылоо;

2) алар алган илимий же техникалык натыйжаларга автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын автордугун таануу;

3) өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүү, алардын чыгармачылыгынын эркиндигин кол салуулардан коргоо, интеллектуалдык менчигин коргоо, илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларынын көз карандысыз экспертизасына жана аларды ишке ашыруу;

4) алдыңкы илимий-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илим менен билим берүү системасынын башка квалификациялык формаларында окуу, илимий форумдарга катышуу жолу менен квалификациясын жогорулатуу;

5) чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, белгиленген тартипте чет өлкөдөгү илимий уюмдарда иштөө жана илимий иштерин эл аралык илимий басылмаларда жарыялоо;

6) чет өлкөлүк коомдоштуктарды кошуп алганда, илимий коомдоштуктарга кирүү жана шайлануу.

2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин милдеттери илимий жана илимий-техникалык уюмдун уюмдаштыруу документтери же контракттын (эмгек келишиминин) шарттары менен регламенттелет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111606/st-15)
