14-берене. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
1. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик, коомдук же башка уюмдар тарабынан конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча ага берилген иштерди жана долбоорлорду каржылоо;
2) алар алган илимий же техникалык натыйжаларга автордук укук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын автордугун таануу;
3) өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүү, алардын чыгармачылыгынын эркиндигин кол салуулардан коргоо, интеллектуалдык менчигин коргоо, илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларынын көз карандысыз экспертизасына жана аларды ишке ашыруу;
4) алдыңкы илимий-изилдөө уюмдарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүү, аспирантурада, докторантурада жана илим менен билим берүү системасынын башка квалификациялык формаларында окуу, илимий форумдарга катышуу жолу менен квалификациясын жогорулатуу;
5) чет өлкөлүк кесиптештери менен илимий маалыматтарды алмашуу жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, белгиленген тартипте чет өлкөдөгү илимий уюмдарда иштөө жана илимий иштерин эл аралык илимий басылмаларда жарыялоо;
6) чет өлкөлүк коомдоштуктарды кошуп алганда, илимий коомдоштуктарга кирүү жана шайлануу.
2. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлердин милдеттери илимий жана илимий-техникалык уюмдун уюмдаштыруу документтери же контракттын (эмгек келишиминин) шарттары менен регламенттелет.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-14" title="14-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>