10-берене. Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 8 августа 2023 года № 170.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар ушул уюмдун уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген илимий жана илимий-техникалык ишти жүзөгө ашырышат.
2. Илимий жана илимий-техникалык уюмдар төмөнкү укуктарга ээ:
1) өзүнүн илимий жана илимий-техникалык ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) илимий изилдөөлөрдү каржылоо боюнча конкурстарга катышуу;
3) башка илимий жана башка уюмдар менен тике байланыштарды өнүктүрүү;
4) белгиленген тартипте бирикмелерге кирүү, филиалдарды түзүү;
5) илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басылмаларды чыгаруу, илимий-техникалык маалымат базаларын түзүү, конференцияларды жана башка илимий иш-чараларды өткөрүү;
6) илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, аспирантура, докторантура аркылуу адистерди даярдоону жүзөгө ашыруу;
7) белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наамдарды ыйгаруу боюнча кеңештерди түзүүгө катышуу;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык мамлекеттер аралык жана эл аралык илимий-изилдөө программаларына катышуу.
Илимий жана илимий-техникалык уюмдар алардын уюмдаштыруу документтеринде каралган башка укуктарга ээ.
3. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алардын уюмдаштыруу документтеринде каралган иши үчүн пайдаланылуучу негизги, жүгүртмө фонддорду жана мамлекеттик мүлктөрдү мамлекет акысыз пайдаланууга берет.
4. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдарга илимий, сыноо полигондорун (геоэкологиялык, физикалык, химиялык) уюштуруу үчүн жер участоктору Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
5. Өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышына жана максаттуу пайдаланылышына жоопкерчиликти мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдун жетекчилиги тартат.
6. Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар тармактардын аймактык бөлүмдөрүн, илимий-изилдөө уюмдарын, окуу-илимий инженердик жана инновациялык борборлорду, технопарктарды, илимий-окуу дарылоо комплекстерин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүшөт.
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111606/st-10" title="10-берене - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>