# КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 01.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2416/edition/1097052/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 "Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 1-июну № 95 Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2017-жылдын 26-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-1)

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-2)

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-3)

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-4)

(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-5)

"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1237-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-беренеде:

а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";

б) 21-пунктунда "21" деген цифралар "22" деген цифраларга алмаштырылсын.

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-6)

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1238-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

а) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 19-пункт менен толукталсын:

"19) айыл чарба жерлерин жана токой, суу фонддорунун жер участокторун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлерди чечим түрүндө жерлердин башка категорияларына которууга макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;";

б) 19-пунктунда "19" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын.

### [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111605/st-7)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-июнунда № 71 (2796) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
