# 1-берене

- Документ: [Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111604)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 30-майындагы № 94 "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 6 августа 2025 года № 188 "О средствах массовой информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111604/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2415/edition/806095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111604/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111604/st-1

---

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" газетасы, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:

"Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт. Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт. Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат.";

2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын өндүрүштүк-чарбалык иши Массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат. Массалык маалымат каражаттарын жашыруун булактардан финансылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.";

3) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык. Телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын (телекөрсөтүү уюмунун) уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:

- он сегиз жашка жете элек же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын гражданы;

- сот тарабынан мыйзамга ылайык иштөөгө тыюу салынган юридикалык жактар.

Массалык маалымат каражаты ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген бир, же бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын юридикалык жактар жана граждандар менен бирге массалык маалымат каражаттарын түзүүсүнө жол берилбейт.";

4) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-статья. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматтарды алуу укугу Массалык маалымат каражаттарынын органдары массалык маалыматтарды издөөгө, алууга, чыгарууга жана таратууга укуктуу. Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын карамагындагы маалыматтарды берүү тартиби маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111604/st-2)
