# 2-берене

- Документ: [Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 "Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 100
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111599/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2410/edition/1289727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111599/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Майыптык маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111599/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

"3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар өздөрүнүн граждандык укуктарын жүзөгө ашырганда өз кол коюусун алмаштыруучу факсимилдик кол коюуну пайдалануусуна байланыштуу алардын граждандык укуктары чектелиши мүмкүн эмес.";

2) 176-статьяда:

а) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Дене бойлук кемчилдигинен улам өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү граждан өз кол коюусун толугу менен алмаштыра турган, нотариаттык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик колтамганы пайдалануу менен жазуу жүзүндөгү формада бүтүм түзүүгө укуктуу.";

б) 3-пункт "өзү кол коё албаса" деген сөздөрдөн кийин "жана факсимилдик кол коюусу болбосо" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1931-статья менен толукталсын:

"1931-статья. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасын пайдалануу менен түзүлгөн бүтүмдүн жараксыздыгы

1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм мындай адамдын же болбосо бүтүмдүн түзүлүшү кызыкчылыктарын козгогон адамдын арызы боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүм, эгерде ал түзүлгөн учурда факсимилдик кол коюу тигил же бул негиздер боюнча анын ээсинин тескөөсүнөн чыккандыгы далилденсе, жараксыз деп таанылат. Мындан тышкары, мындай бүтүм, эгерде бүтүмдү түзүүгө тартылган үчүнчү адам тарабынан факсимилдик кол коюуну колдонуунун ак ниеттүү эместиги далилденсе, жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик кол коюусун пайдалануу менен түзүлгөн бүтүм жараксыз деп таанылган учурда ушул Кодекстин 184-статьясында каралган натыйжалар колдонулат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111599/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111599/st-3)
