# 24-берене. Ветеринардык палатанын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2408/edition/1289721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111597/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 24-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-24

---

Ветеринардык палатанын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген, Ветеринардык палатанын реестринде каттоо үчүн зарыл болгон минималдуу талаптарга жактардын квалификациясынын ылайык келишине баа берүү;

2) минималдык квалификациялык талаптарга ылайык келүүчү, ветеринардык практика менен алектенүүчү жактарды акы төлөнүүчү негизде каттоо/кайра каттоо жана алардын реестрин жүргүзүү;

3) жеке ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер тарабынан ветеринардык врачтардын Кесиптик этика кодексинин ченемдеринин сакталышын контролдоо;

4) өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык жана башка уюмдарга Ветеринардык палатанын ишине тиешелүү маселелер боюнча кеңеш берүү.";

6) 25-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жеке ветеринардык практика менен алектенүү укугуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте Ветеринардык палатанын реестринде катталган ветеринардык врачтар жана параветеринардык адистер ээ болот.";

7) 26-беренеде:

а) берененин аталышында "ветеринардык врачтардын" деген сөздөр "жактардын" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдик негизде аткарууга;";

8) 30-беренеде:

а) берененин аталышы "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 1-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу адамдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар" деген сөздөр менен толукталсын;

в) 2-бөлүгү "ветеринардык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Ветеринардык палатанын реестринде каттоосуз жеке ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-2)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-3)
