# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111597)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2408/edition/1289721/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111597/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-2

---

"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 939-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы;";

2) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7) ветеринардык практиканы жөнгө салуу жаатындагы эрежелерди, жоболорду жана нускамаларды бекитүү.";

3) 6-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү;";

4) 19-берененин 4-бөлүгүнүн 10-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 23-24-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы

1. Кыргыз Республикасынын ветеринардык статуардык органы (мындан ары - Ветеринардык палата) - өзүн өзү башкаруу принциптеринде иштеген жана өлкөдө жеке ветеринардык практиканы жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу коммерциялык эмес уюм.

2. Ветеринардык палата ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Ветеринардык палатанын Уставында аныкталуучу тартипте жөнгө салат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-1)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111597/st-24)
