Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, «Чолпон-Ата «Сууканалы» муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 24-майы № 85 2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, "Чолпон-Ата "Сууканалы" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 13-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. 2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Инвестициялык фондунун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, "Чолпон-Ата "Сууканалы" муниципалдык ишканасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-июнунда № 67-68 (2792-2793) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.