# КР 2017-жылдын 13-майындагы № 82 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 13-майындагы № 82 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2401/edition/1174402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 13-майындагы № 82 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111590

---

КР 2022-жылдын 4-июлундагы N 55 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 13-майы № 82 "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 5-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111590/st-1)

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 10, 854-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 20-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын (юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн), алардын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин жүргүзөт. Көрсөтүлгөн тизме мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жыл сайын жарыялоого жатат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111590/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 26-майында № 64 (2789) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
