# 992-статья

- Документ: [Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 79 "Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 79
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111587/st-992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2398/edition/1289714/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 992-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111587/st-992

---

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "992-статья. Мамлекет тарабынан лотереяларды өткөрүү

1. Мамлекет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лотереяларды өткөрүүгө уруксат (лицензия) алган жактар менен лотереялардын катышуучуларынын ортосундагы мамилелер лотереяны уюштуруучулардын жана анын катышуучуларынын ортосундагы келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишим лотереялык билетти, квитанцияны же башка документти берүү менен жол-жоболоштурулат жана катышуучу лотереялык билеттин наркын төлөгөн учурдан тартып түзүлдү деп таанылат.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган келишимди түзүү жөнүндө сунуш лотереяны өткөрүүнүн мөөнөтү, утушту жана анын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.

3. Лотерея өткөрүүнүн шартына ылайык утту деп таанылган жактарга лотереяны уюштуруучу тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттарында каралган өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө, ал эми эгерде бул шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо - лотереянын натыйжалары аныкталган учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш.

4. Лотереянын уюштуруучусу ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарбаган учурда, лотереяда утушка ээ болгон катышуучу лотереяны уюштуруучудан утушту төлөп берүүнү, ошондой эле уюштуруучу тарабынан келишимди бузуу менен келтирилген чыгымдын ордун толтуртууну талап кылууга укуктуу.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111587/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111587/st-2)
