992-статья
Күчүндө · 03.03.2023 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "992-статья. Мамлекет тарабынан лотереяларды өткөрүү
1. Мамлекет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан лотереяларды өткөрүүгө уруксат (лицензия) алган жактар менен лотереялардын катышуучуларынын ортосундагы мамилелер лотереяны уюштуруучулардын жана анын катышуучуларынын ортосундагы келишим менен жөнгө салынат. Мындай келишим лотереялык билетти, квитанцияны же башка документти берүү менен жол-жоболоштурулат жана катышуучу лотереялык билеттин наркын төлөгөн учурдан тартып түзүлдү деп таанылат.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган келишимди түзүү жөнүндө сунуш лотереяны өткөрүүнүн мөөнөтү, утушту жана анын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндө шарттарды камтууга тийиш.
3. Лотерея өткөрүүнүн шартына ылайык утту деп таанылган жактарга лотереяны уюштуруучу тарабынан лотереяны өткөрүүнүн шарттарында каралган өлчөмдө, формада (акчалай же натуралай) жана мөөнөттө, ал эми эгерде бул шарттарда мөөнөт көрсөтүлбөгөн болсо - лотереянын натыйжалары аныкталган учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен төлөнүп берилүүгө тийиш.
4. Лотереянын уюштуруучусу ушул статьянын 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттенмени аткарбаган учурда, лотереяда утушка ээ болгон катышуучу лотереяны уюштуруучудан утушту төлөп берүүнү, ошондой эле уюштуруучу тарабынан келишимди бузуу менен келтирилген чыгымдын ордун толтуртууну талап кылууга укуктуу.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
992-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111587/st-992" title="992-статья - Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>