# 6-берене. Лотереялык иш чөйрөсүндөгү негизги принциптер

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 6-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-6

---

1. Лотереялык иш жаатындагы негизги принциптер төмөнкүлөр болуп саналат:

1) лотереянын катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;

2) лотереянын катышуучуларына лотереяда утушка болгон бирдей мүмкүнчүлүктү берүүчү бирдей шарттарды камсыз кылуу;

3) тийиштүү лотереяны өткөрүү шарттарын жана тираждык лотереялардын байге фондунун утуштарынын натыйжаларын милдеттүү жарыялоону болжолдогон ачык-айкындыкты камсыз кылуу;

4) лотереяны уюштуруучунун өз ишин жүзөгө ашыруунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу.

2. Ушул Мыйзамда каралбаган жактарга лотереяны өткөрүүгө тыюу салынат.

3. Лотереяга катышуу жөнүндө келишим ыктыярдуу негизде түзүлөт жана лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык лотереялык билет берүү, лотереялык ставканы каттоо менен жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-7)
