4-берене. Лотереялардын типтери жана түрлөрү
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Лотереялар Кыргыз Республикасынын аймагында лотереялардын төмөнкү типтерине бөлүнөт:
ойнотуу ыкмасы боюнча:
1) көз ирмемдик лотерея - лотереянын катышуучусу лотереялык билетти сатып алгандан кийин лотереялык билеттин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин түздөн-түз аныктоого мүмкүн болгон лотерея;
2) тираждык лотерея - белгилүү бир датага карата өзүнчө тираждар менен өткөрүлүүчү лотерея (лотереялык билеттердин партиясын таратууну, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү билдирет), аларды өткөрүүдө лотереянын катышуучусу анын лотереялык билетинин утуштуу болуп саналарын же утуштуу эмесин тиешелүү тиражды ойнотуу өткөрүлгөндөн кийин гана аныктай алат;
өткөрүү формасы боюнча:
1) кагаз лотерея - билеттер кагаз же башка зат формасында чыгарылуучу лотерея;
2) электрондук лотерея - лотереялык билеттерди жана башка маалыматтарды белгилөө, эсепке алуу, ошондой эле лотереялык билеттерди ойнотуу маалыматты өзүнүн эс тутумунда сактоочу же аны лотереялык маалыматтарды иштеп чыгуучу борборго каттоо үчүн берүүчү электрондук түзүлмөлөрдүн жардамы менен жүргүзүлө турган лотерея.
2. Лотереялардын типтери лотереяны уюштуруучунун алдындагы максаттарына жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
1) мамлекеттик лотерея - мамлекеттик органдар уюштуруучу болуп чыккан лотерея;
2) кесиптик лотерея - пайда алуу максатында кесиптик лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея;
3) кызыктыруучу лотерея - жарнамалык максатта же товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга кызыктыруу максатында кызыктыруучу лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Мында катышуу атайын билетти сатып алууну же болбосо кошумча акы төлөөнү талап кылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык каралбаган лотереянын башка түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2021 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях""Редакцияларды салыштыруу
28.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болуп чыккан лотерея;
2) кесиптик лотерея - пайда алуу максатында алынып салынды: лицензиянын негизинде кесиптик лотереяны уюштуруучу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея;
3) … түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынат.
(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 алынып салынды: Мыйзамынын кошулду: , 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111586/st-4" title="4-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>