# 21-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 21-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-21

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 19-майында № 62 жарыяланды

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 146 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 368-ст.);

2) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 944-ст.);

3) "Айрым мыйзам актыларына лицензиялоону жүзөгө ашыруу бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 3, 176-ст.).

4. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин лотереялык ишти жүзөгө ашырууга берилген лицензиялар ушул Мыйзам колдонууга киргизилген учурдан тартып өз колдонуусун токтотот.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-20)
