# 20-берене. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586#diff=1075008..28780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 20-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-20

---

1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен кесиптик лотереяларды уюштуруу жана мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын бүткүл суммасын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы жетим балдарды багууга жиберүү менен, республикалык бюджетке алып коюуга, бул лотереяны сатуудан алып салууга, кийин жок кылууга жана лотереяны уюштуруучуларды, анын ичинде алардын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келет.

2. Лотереянын катышуучулары менен уюштуруучусунун ортосунда келип чыккан бардык талаштар административдик иштин негиздери жана административдик жолжоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык каралат.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-21)
