# 19-берене. Максаттуу чегерүүлөр фонду

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 19-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-19

---

1. Кесиптик лотереяны уюштуруучу лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин эсептен чыгаргандан кийинки лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүндө Максаттуу чегерүүлөр фондун түзөт.

2. Дене тарбия, спорт, билим берүү, маданият жаатындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өндүрүш түзүү жана социалдык маанилүү иш-чараларды каржылоо үчүн пайдаланылуучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын жиберүү (каржылоо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кесиптик лотереяны уюштуруучу жылына бир жолудан кем эмес Максаттуу чегерүүлөр фондуна максаттуу чегерүүлөрдү жиберет.

4. Максаттуу чегерүүлөр фондун учурдагы администрациялоону жана анын иштерин жүргүзүүнү кесиптик лотереяны уюштуруучу жүзөгө ашырат.

5. Кесиптик лотереяны уюштуруучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында, лотереянын ойнотулушун көрсөткөн телеканалда жарыялап турууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-20)
