19-берене. Максаттуу чегерүүлөр фонду
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
1. Кесиптик лотереяны уюштуруучу лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин эсептен чыгаргандан кийинки лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 10 пайыздан кем эмес өлчөмүндө Максаттуу чегерүүлөр фондун түзөт.
2. Дене тарбия, спорт, билим берүү, маданият жаатындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн өндүрүш түзүү жана социалдык маанилүү иш-чараларды каржылоо үчүн пайдаланылуучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын жиберүү (каржылоо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кесиптик лотереяны уюштуруучу жылына бир жолудан кем эмес Максаттуу чегерүүлөр фондуна максаттуу чегерүүлөрдү жиберет.
4. Максаттуу чегерүүлөр фондун учурдагы администрациялоону жана анын иштерин жүргүзүүнү кесиптик лотереяны уюштуруучу жүзөгө ашырат.
5. Кесиптик лотереяны уюштуруучу Максаттуу чегерүүлөр фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында, лотереянын ойнотулушун көрсөткөн телеканалда жарыялап турууга милдеттүү.
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-декабрындагы № 859 "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу…Постановление · 15.12.2006 · № 859 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111586/st-19" title="19-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>