# 17-берене. Лотереялык билеттерди сактоо, жоюу жана утилизациялоо тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2021 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях""](https://aqlex.ai/kg/doc/112265)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586#diff=1075007..1075008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 17-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-17

---

1. Лотереяны уюштуруучуда калган лотереялык билеттер, ошондой эле жоюлган утуштуу лотереялык билеттер катуу эсепке алынууга жана күзөт жана өрттөн сактоо каражаттары менен жабдылган кампада сакталууга тийиш.

Электрондук лотерея билеттери жөнүндө, ошондой эле жоюлган утуп алынган электрондук лотерея билеттери жөнүндө лотереяны уюштуруучуда бар болгон маалыматтар сырттан кийлигишүүдөн коргоо каражаттары менен жабдылган аппараттык электрондук түзүлүштөрдө катуу эсепке алынышы жана сакталышы керек.

2. Утуштары төлөнүп берилген бардык билеттер аларга утуштуу электрондук лотерея билеттеринин лотерея уюштуруучу түзгөн реестрин кошуп алганда, лотереяны уюштуруучунун штампын коюу жолу менен жоюлууга жатат.

3. Ар бир тираждык чыгарылышты сатуунун мөөнөттөрү аяктагандан кийин, сатылбай калган бардык лотереялык билеттер лотереяны уюштуруучунун чечими менен түзүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат. Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет.

4. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана анын аяктаганы жөнүндө лотереяны уюштуруучунун жалпыга билдирүүсүнөн кийин, утилизациялоо актысынын тиркемеси болуп саналган реестрлерге ылайык (электрондук лотерея билеттеринин реестрин кошуп алганда) утуштуу лотереялык билеттерди инвентаризациялоо жүргүзүлөт.

5. Утуштуу жана сатылбай калган лотереялык билеттерди утилизациялоо актысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат.

6. Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө утуштары төлөнүп берилген утуштуу билеттерди жана сатылбай калган лотереялык билеттерди утилизациялоо лотереялык билеттерди кийин кайра иштетүү менен майдалоо жолу менен же болбосо өрттөө жолу менен жүзөгө ашырылат.

7. Электрондук лотерея билеттерин сатып өткөрүү, ойнотуу, утилизациялоо тартиби лотереянын уюштуруучусу тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-18)
