# 16-берене. Лотереянын катышуучуларынын укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 16-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-16

---

1. Лотереялык билетти сатып алуу жарандык-укуктук милдеттенменин келип чыгышы үчүн негиз болуп кызмат кылат, ага ылайык лотереянын катышуучусу лотереяны уюштуруучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга укуктуу:

1) лотереянын шарттарын жана эрежелерин сактоону;

2) лотереялык билетке түшкөн утушту төлөөнү, берүүнү же ыйгарууну;

3) утуш фактысы жана анын өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун сактоону;

4) лотереянын эрежелерине ылайык лотерея жөнүндө маалымат алууну;

5) утуш жөнүндө маалымдаманы;

6) сотто талаштарды жана дооматтарды кароону.

2. Лотереянын катышуучусу - лотереялык билеттин менчик ээси лотереянын катышуучусунун мүлктүк укугу, лотереяны өткөрүү шарттары жана эрежелери бузулганда, лотереяны уюштуруучунун эсебинен өзүнүн бузулган мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү максатында лотереяны уюштуруучуга карата таасир этүү чараларын көрүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылуу укугуна ээ.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-17)
