# 15-берене. Утуштарды төлөө, берүү же ыйгаруу тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 15-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-15

---

1. Лотереяны уюштуруучу тарабынан утуштуу билеттин ээсине утушту төлөө, берүү же ыйгаруу ар бир конкреттүү лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Утуштуу билеттер лотереяны өткөрүү шарттарында айтылган мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө кабыл алынат. Ушул мөөнөт тираждын же ойнотуунун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кем болбоосу керек.

3. Утуштар лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык лотереялык билетти көрсөткөн учурдан тартып он күндөн кечиктирбестен, утуштуу лотереялык билетти көрсөткөндөн кийин бардык учурларда бир жолу төлөнөт, берилет же ыйгарылат.

4. Лотереяны уюштуруучу байге фондун ойнотуунун натыйжалары жана утуштар аныкталган күндөн тартып он күндөн кечиктирбестен байге фондун ойнотуунун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-16)
