# 14-берене. Лотереянын байге фонду

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586#diff=1075008..28780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 14-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-14

---

1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереянын катышуучуларынын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү болгон лотереянын байге фонду лотереяны

уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары, алар тарабынан башка эч кандай максаттарга пайдаланылбашы керек.

2. Байге фонду лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата колдонулбашы керек.

3. Байге фондунун каражаттары уруксат алууда бекитилген конкреттүү лотереянын шарттарында белгиленген эрежелер боюнча ойнотулууга тийиш.

4. Утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык аяктагандан кийин байге фондунун ойнотулган, бирок алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп таанылат.

5. Лотереянын байге фонду ойнотуу башталганга чейин кулактандырылат жана лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 50 пайызынан кем эмес өлчөмүндө белгиленет.

6. Көз ирмемдик лотереянын байге фонду уруксат алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөнү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга документ түрүндө берилиши керек.

7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык, лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-15)
