14-берене. Лотереянын байге фонду
Күчүндө · 28.02.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49
1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереянын катышуучуларынын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгү болгон лотереянын байге фонду лотереяны
уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары, алар тарабынан башка эч кандай максаттарга пайдаланылбашы керек.
2. Байге фонду лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата колдонулбашы керек.
3. Байге фондунун каражаттары уруксат алууда бекитилген конкреттүү лотереянын шарттарында белгиленген эрежелер боюнча ойнотулууга тийиш.
4. Утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык аяктагандан кийин байге фондунун ойнотулган, бирок алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги болуп таанылат.
5. Лотереянын байге фонду ойнотуу башталганга чейин кулактандырылат жана лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчанын 50 пайызынан кем эмес өлчөмүндө белгиленет.
6. Көз ирмемдик лотереянын байге фонду уруксат алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөнү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органга документ түрүндө берилиши керек.
7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык, лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.02.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"Редакцияларды салыштыруу
28.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алуу ага карата колдонулбашы керек.
3. Байге фондунун каражаттары алынып салынды: лицензия жана (же) уруксат алууда бекитилген конкреттүү лотереянын шарттарында … эмес өлчөмүндө белгиленет.
6. Көз ирмемдик лотереянын байге фонду алынып салынды: лицензия жана (же) уруксат алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан … лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111586/st-14" title="14-берене - Лотереялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>