# 13-берене. Байге фондун ойнотуунун тартиби

- Документ: [Лотереялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 "Лотереялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 10.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.02.2025 [Закон КР от 28 февраля 2025 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере лицензионно-разрешительной системы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230023272); 29.07.2021 [Закон КР от 29 июля 2021 года № 89 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О лотереях""](https://aqlex.ai/kg/doc/112265)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586#diff=1075008..28780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2397/edition/1075006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111586/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө, 13-берене (28.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-13

---

1. Байге фондун ойнотуунун тартиби уруксат алууда лотереяны уюштуруучу тарабынан бекититүүчү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын курамына лотереяны уюштуруучунун өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү киргизилет. Байге фондун ойнотуу боюнча комиссия үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш. Байге фондун ойнотуучу комиссиянын курамы лотереяны уюштуруучу тарабынан бекитилет.

3. Байге фондун ойнотуу телекөрсөтүү боюнча же Интернет тарамында алып берилген учурда, лотереяны уюштуруучу ойнотуунун өзүн алып берүүнү утуштарды аныктоо жол-жоболорун көрсөтүү менен камсыз кылат.

4. Байге фондун ойнотуу сатылбай калган лотереялык билеттер ойнотуунун башталышына карата ылгангандан жана аларды ылгоо актысына лотереяны уюштуруучу тарабынан уюштурулган комиссия кол койгондон кийин гана өткөрүлүшү мүмкүн.

Лотереялык билеттерди ылгоо жөнүндө актыга кол коюучу комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын өкүлү кирүүгө тийиш.

5. Байге фондун ойнотуунун натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага байге фондун ойнотуу боюнча комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга тапшырылат.

(КР 2021-жылдын 29-июлундагы № 89, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111586/st-14)
