# 1-берене

- Документ: [Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111585)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 6-майындагы № 77 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 77
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111585/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2396/edition/802372/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111585/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (06.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111585/st-1

---

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-статьяда:

а) 2-пунктунда:

- экинчи сүйлөмүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам менен пенсиялык камсыздандыруу иши бардык түрлөрү үчүн бирдей өлчөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга дайындалат жана төлөнөт.";

б) 4-пунктунда:

- биринчи сүйлөмү "пенсиянын" деген сөздөн кийин "базалык жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жаппы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111585/st-2)
