# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111584)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 6-майындагы № 76 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 76
- Кабыл алынган күнү: 06.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111584/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2395/edition/802207/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111584/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111584/st-1

---

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 7-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт. Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. Пенсияларды индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

2) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4. I топтогу майыптын пенсиясынын жалпы өлчөмү өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн эмес белгиленет.";

3) 22-статьянын 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүндө эсепке алынган бардык төлөнгөн мезгил үчүн топтолгон төгүмдөрдүн суммасы өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган керектөө бааларынын индексинин чоңдугуна жараша жыл сайын индексацияланат.";

4) 23-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пенсияны эсептөө үчүн иш жүзүндөгү орточо айлык эмгек акы болбогон же белгиленген эң аз эмгек акынын өлчөмүнөн төмөн болгон учурларда, эсептөө үчүн эмгек акынын белгиленген эң аз өлчөмү камсыздандыруу стажына жараша пайыздарда алынат: 15 жылга чейин - 200 пайыз, 15 жылдан 20 жылга чейин - 250 пайыз, 20 жыл жана андан жогору - 300 пайыз.";

5) 261-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Пенсионердин арызы боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн (ЖЭ1) эсептөө үчүн эмгек акынын башка өлчөмүнөн пенсияны кайра эсептөө пенсия дайындалган күндөн тартып үч жылдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт, мында мурда жүргүзүлгөн кайра эсептөөлөр сакталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111584/st-2)
