# 33-берене. Демөөрчүлөрдүн телерадио берүүлөрдү жана телерадио программаларды түзүүгө катышуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111582)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111582/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2393/edition/802047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111582/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 33-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111582/st-33

---

1. Телерадио берүүлөрдү, телерадио программаларды материалдык формада түзүүгө башка жактар, анын ичинде демөөрчүлүк, гранттар жана мыйзам тарабынан уруксат берилген башка колдоо ыкмалары түрүндө катыша алат.

2. Демөөрчүлүк жарнактын бир түрү болуп саналат.

3. Гранттар акысыз негизде берилет жана телерадио берүүнүн жана телепрограмманын башталышында же аягында грант берүүчүгө карата 5 секунддан ашпаган тексттик көрсөтүүдөн тышкары, грант алуучунун жарнак түрүндөгү милдеттенмесине алып келбейт.

4. Телерадио уюмдары же студия-өндүрүүчүлөр болуп саналбаган юридикалык жана жеке жактар программаларды жана/же берүүлөрдү өндүрүүнү тикелей же бирөө аркылуу финансылоого катыша алат.

5. Демөөрчү финансылоочу телерадио берүүлөрдө жана телерадио программаларды демөөрчү жөнүндө маалыматтар (аталышы же ысымы, соодалык же фирмалык маркасы, эмблема) берүүлөрдүн башталышында жана аягында титрлер, диктордук текст же башка ык менен так жана айкын белгиленүүгө тийиш.

6. Демөөрчүлөр телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн убактысына жана мазмунуна таасир көрсөтүүгө, ошондой эле телерадио уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин кесиптик иш-аракетине кийлигишүүгө укуксуз.

7. Демөөрчүлөр программалардын жана берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн мазмуну үчүн телерадио берүүчүнү жоопкерчиликтен бошотпойт.

8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадио берүүдө жарнакты берүүгө тыюу салынган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү же сатып өткөрүү иши иш-аракетинин негизин түзгөн юридикалык жана жеке жактар демөөрчү боло алышпайт.";

29) 4-главанын аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

30) 35-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

31) 36-беренеде:

а) берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда ", анын курамына шайланууга" деген сөздөр алып салынсын.

32) 37-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

33) 38-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

34) 40-берененин 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүдө, даярдоодо, берүүлөрдүн торчосун түзүүдө телерадио уюмдар Кыргыз Республикасынын коомдук адеп-ахлакты коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

2. Телерадио уюмдарына обо убактысында саат 7.00дөн 23.00гө чейин жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене-бой, интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүүсүнө залакасын келтирүүчү жаңылыктан тышкаркы мүнөздөгү программаларды жана берүүлөрдү трансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат. Андай болбогон учурда мындай программалар жана берүүлөр жашы жете электер үчүн техникалык жактан чектелип көрсөтүлүшү керек.

Мындай программалар же берүүлөр атайын эскертүүлөрү болууга жана телерадио уюмдарынын программаларынын ырааттамасында белгиленип, түздөн-түз аларды трансляциялоонун алдында жана мезгил-мезгили менен атайын белгиленип турууга тийиш.";

35) 46-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "46-берене. Телерадио уюмдарынын эл аралык кызматташтыгы";

36) 47-беренеде:

а) 47-берененин аталышында "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын кабарчыларын аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү телерадио уюмдарынын же чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын сунушу боюнча Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.";

37) 48-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын. "Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.";

б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин телерадио берүүгө берилген бардык лицензиялар ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып жана Өкмөт бекитүүчү телерадио каналды жайгаштырууга уруксат берүү тартиби каралган мыйзамга караштуу акт кабыл алынгандан кийинки үч айдын ичинде колдонулушун улантат.".

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111582/st-21)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111582/st-4)
