2-берене
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялоо, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу тартиби, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
2) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасында "жана 29" деген сөздөр ", 29 жана 31" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-беренеде:
а) 11-пункт "жаатындагы иш" деген сөздөрдөн кийин "(ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пункт "жаатындагы иш" деген сөздөрдөн кийин "(буга ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтары кирбейт)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 16-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо);";
5) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37) аналогдук берүүдө жана (же) санариптик берүү пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан теле-, радиоканалын жайгаштыруу".
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111582/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>