# 9-берене. Мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоонун катышуучуларына карата негизги талаптар жана аларды тандап алуунун тартиби

- Документ: [Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111580)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 4-майындагы № 73"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2391/edition/1109209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111580/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө, 9-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-9

---

1. Мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоонун катышуучуларына карата негизги талаптар жана аларды тандап алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.

2. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик программалардын алкагында тандап алуу механизмдерин камсыз кылат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоосунун катышуучуларын тандап алууда жана тизмесин түзүүдө оор, бийик тоолуу жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттарда, алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жана республиканын чек арага жанаша жаткан райондорунда жашаган жана иштеген жаш адистер (врачтар, мугалимдер) үчүн ипотекалык насыялоонун атайын жеңилдетилген шарттарын жана аны биринчи кезекте берүүнү карайт.

4. Жарандарды - мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоонун катышуучуларын тандап алуу жана тизмелерин бекитүү процесси боюнча маалымат ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты аркылуу онлайн режиминде берилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-10)
