# 8-берене. Мамлекеттик бийлик органдарынын турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы

- Документ: [Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111580)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 4-майындагы № 73"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2391/edition/1109209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111580/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө, 8-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-8

---

Мамлекеттик бийлик органдарынын турак жай мамилелерин жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет жана ага төмөнкүлөр кирет:

1) турак жай мамилелеринин чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;

2) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн бюджеттик жана мыйзамда тыюу салынбаган башка акча каражаттарынын булактарын, анын ичинде турак жайларды сатып алуу жана куруу үчүн белгиленген тартипте берүү жолу менен субсидияларды жана жеңилдетилген насыялоону пайдалануу;

3) турак жай курулушуна дем берүү программаларын бекитүү;

4) программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган турак жай мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-9)
