# 6-берене. Ипотекалык турак жайды насыялоону жана турак жай курулушун мамлекеттик колдоо

- Документ: [Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111580)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 4-майындагы № 73"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2391/edition/1109209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111580/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө, 6-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык турак жайды насыялоого жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программаларын белгиленген тартипте ишке ашыруу жана киргизүү жолу менен мамлекеттик колдоону көрсөтөт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ипотекалык турак жайды насыялоого жана турак жай курулушуна мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтөт.

3. Ипотекалык насыялоону жана турак жай курулушун мамлекеттик каржылык колдоо төмөнкүлөрдүн эсебинен берилет:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын.

4. Ипотекалык жабуу менен камсыз кылынган ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жүгүртүү мамлекеттик колдоо менен жүзөгө ашырылат.

5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик ипотекалык турак жай насыялоосуна төмөнкү формаларда катышат:

1) программаларды иштеп чыгууну, бекитүүнү жана ишке ашырууну уюштуруу жана катышуу;

2) кезектеги каржылык жылга мамлекеттик ипотекалык турак жайды насыялоо тутумун өнүктүрүүгө республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттарды аныктоо жолу менен программаларды кошо каржылоо мүмкүнчүлүгү.

6. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик колдоонун чыгашаларын каржылоо кезектеги каржылык жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында жыл сайын каралуучу каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-7)
