# 5-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111580)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 4-майындагы № 73"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2391/edition/1109209/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111580/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө, 5-берене (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-5

---

1. Ушул Мыйзамдын максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жарандардын турак жайга укугун жүзөгө ашыруу;

2) жарандардын турак жайга болгон керектөөлөрүн канааттандыруу жолу менен аларды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу;

3) жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программаларын ишке ашыруу жана киргизүү;

4) жарандар үчүн ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;

5) турак жай курулушун өнүктүрүү;

6) мамлекеттик турак жай программаларын ишке ашырууда мамлекеттик колдоо;

7) жарандардын турак жайга укуктары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү;

8) жарандардын турак жайга укугун ишке ашырууга таасир көрсөтүүчү чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстерине жарандардын катышуусун камсыз кылуу.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди ишке ашыруунун эсебинен камсыз кылынат:

1) ипотекалык насыялоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

2) жеңилдетилген ипотекалык насыя боюнча пайыздык ставкаларды белгилөө;

3) узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү;

4) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоонун моделдерин иштеп чыгуу;

5) жарандардын турак жай шарттарын жакшыртууда мамлекеттик колдоонун механизмин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

6) турак жай чөйрөсүн узак мөөнөттүү ипотекалык насыялоо үчүн каржы ресурстарын тартуу;

7) заманбап материалдарды колдонуу жана жаңы технологияларды киргизүү менен өлкөнүн бардык региондорунда турак жайларды куруу;

8) ипотекалык турак жай курулушунун, экономикалык класстагы турак жайлардын көлөмдөрүн өнүктүрүү жана көбөйтүү;

9) мамлекеттик-жеке өнөктүк механизмди пайдалануу менен турак жайларды куруунун долбоорлорун ишке ашыруу;

10) жеткиликтүү ипотекалык насыялоонун шарттары жөнүндө маалыматтык камсыз кылууну уюштуруу;

11) ипотекалык насыяларды берүү, аларды тейлөө, каржылоо жана кайра каржылоо боюнча ишти кошуп алганда, турак жай чөйрөсүндөгү кыймылсыз мүлк рыногуна финансылык-насыялык мекемелердин ишин кеңейтүү;

12) Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай шарттарын жакшыртуу;

13) жер участокторун инженердик жана жол инфратүзүмү менен камсыз кылуу;

14) экономикалык класстагы турак жайларды куруунун долбоорлорун ишке ашыруу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111580/st-6)
