# 7-берене. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестри

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 7-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-7

---

1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууну пландаган же ишке ашырып жаткан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрин түзөт, аларды мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу аркылуу чечүүгө жана жетишүүгө болот. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестри ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайты же коомчулук үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздаган башка ыкма аркылуу туруктуу негизде калкка жеткиликтүү болууга тийиш.

2. Жарандар жана уюмдар социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрине киргизүү үчүн өз сунуштарын жөнөтүүгө укуктуу. Социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук пайдалуу максаттардын маалыматтар реестрин түзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жарандардын жана уюмдардын сунуштарын кабыл алат жана карайт, ошондой эле аларды алган күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен ага рационалдуу сунуштарды киргизет.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-61)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-8)
