# 60-берене. Талаштарды кароо

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 60-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-60

---

Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу боюнча, анын ичинде келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаштар Кыргыз Республикасынын жарандык-укуктук талаштарды кароо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат. 61-берене. Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн жоопкерчилик

1. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга алынган каражаттар максатсыз пайдаланылган учурда мамлекеттик социалдык заказдын аткаруучусу жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алган адамдар мамлекетке келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

2. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга алынган бюджеттик каражаттарды башка максатка пайдалангандыгы үчүн аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

3. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу үчүн алынган бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу соттук тартипте аныкталган учурда мамлекеттик заказчы мамлекеттик социалдык заказды аткаруучуну мамлекеттик социалдык заказды ак ниет эмес аткаруучулардын реестрине киргизет жана каражаттарды максатсыз пайдалануунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

4. Мамлекеттик социалдык заказдын ак ниетсиз аткаруучуларынын реестрине киргизилген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга катышууга укуксуз. Мамлекеттик социалдык заказдын ак ниетсиз аткаруучуларынын реестри мамлекеттик заказчынын расмий сайтына жайгаштырылат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-59)  
Кийинки берене: [611-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-611)
