# 6-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруунун формалары

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 6-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-6

---

1. Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар;

2) коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо;

3) социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү.

2. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик заказчыга сатып алына турган жана социалдык кызматтарды алуучуларга көрсөтүү зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү белгилүү болгондо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар формасындагы мамлекеттик социалдык заказ ушул Мыйзамдын 2-главасында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказ жетүүгө тийиш болгон социалдык максаттар белгилүү жана аларга ийгиликтүү жетишүү үчүн коммерциялык эмес уюмдардын натыйжалуу жана/же инновациялык идеялары жана сунуштары талап кылынган учурларда колдонулат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик заказчы коммерциялык эмес уюмдардын арасында конкурс жарыялайт, алар өздөрүнүн долбоордук сунуштарында ушул максаттарга жетүүнүн ыкмаларын сунуштайт. Коюлган максаттарга жетүүнүн мыкты ыкмаларын сунуштаган коммерциялык эмес уюмдар конкурстун жеңүүчүлөрү деп таанылат. Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 3-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

4. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказ мамлекеттик социалдык заказдарды аткаруучулардын реестрине киргизилген ушул кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тармагы бар болгон учурда, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык талондор аркылуу берүү формасындагы мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу ушул Мыйзамдын 4-главасында каралган тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-5)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-61)
