# 55-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишиминин шарттарын сактоого мониторинг жүргүзүү жана контролдоо

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 55-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-55

---

1. Мамлекеттик заказчы социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимдин шарттарын сактоосун төмөнкүдөй ыкмалар менен контролдойт:

1) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучулардын даттанууларын жана арыздарын кароо;

2) келишимге ылайык социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн ишин текшерүү.

2. Мамлекеттик заказчы социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимди аткаруунун мониторингин жүргүзүүгө укуктуу. Мониторинг социалдык кызмат көрсөтүүгө берүүчүнүн ишине тоскоолдук кылбоого тийиш.

3. Мониторингдин жана контролдун мамлекеттик заказчы тарабынан катталган жыйынтыктары социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүгө карата социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүгө келишимде каралган жоопкерчилик чараларын көрүү, анын ичинде келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-56)
