# 54-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө социалдык талондордун наркын компенсациялоо тартиби

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 54-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-54

---

1. Ар бир айдын 5-күнүнө чейин кызмат көрсөткөн социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчү мамлекеттик заказчыга көрсөтүлгөн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн ордуна алынган социалдык талондордун түп нускасын тиркөө менен төлөө үчүн эсепти берет.

2. Төлөө үчүн алынган эсептерге жана социалдык талондорго байланыштуу талаш-тартыштар болбогон учурда, мамлекеттик заказчы жогоруда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, төлөө үчүн берилген эсепке ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн анын банктык эсебине акча каражатын которуу жолу менен төлөм жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-55)
