# 53-берене. Социалдык талондор аркылуу төлөнүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 53-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-53

---

1. Социалдык кызмат көрсөтүүнү алуучу төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) андан өзү кызмат көрсөтүүнү ала турган социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнү өз каалоосу боюнча аныктоого;

2) мамлекеттик заказчыдан социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүлөр жөнүндө маалымат суратууга;

3) социалдык кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары, тартиби жана бул кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптар жөнүндө түшүндүрүүлөрдү жана консультацияларды алууга;

4) белгиленген талаптарга ылайык жана тийиштүү сапаттагы кызмат көрсөтүүнү алууга;

5) мамлекеттик заказчыга социалдык кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн аракетине (аракетсиздигине), берилген кызмат көрсөтүүнүн сапатына даттануу жиберүүгө;

6) өз даттануусун кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат алууга.

2. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик заказчыга алардын жашоосундагы социалдык талонду берүүнү жокко чыгарууга алып келген өзгөрүүлөр башталган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде ал жөнүндө билдирүүгө;

2) социалдык талонду белгиленген мөөнөттүн ичинде пайдаланууга;

3) социалдык талондун сакталышына жана бүтүндүгүнө көз салууга;

4) социалдык талонду башка кишилерге социалдык кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн бербөөгө.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-54)
