# 5-берене. Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашыруу чөйрөлөрү

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.08.2022 [Закон КР от 5 августа 2022 года № 82 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственном социальном заказе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112426); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577#diff=1268501..1268502>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 5-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-5

---

Мамлекеттик социалдык заказ төмөнкүдөй чөйрөлөрдө жүзөгө ашырылат:

1) жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, анын ичинде турмуштук кыйын кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды, улгайган адамдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо;

2) жаштарды колдоо;

3) билим берүү жана агартуу;

4) ден соолук жана дененин саламаттыгы;

5) медициналык жардам;

6) социалдык ишкердик (коомдук пайдалуу максаттардагы ишкердик иш);

7) жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу;

8) курчап турган чөйрөнү сактоо, анын ичинде жок болуп бараткан өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоо;

9) дене тарбиясы жана ышкыбоздук спорт;

10) илим;

11) адабият;

12) көркөм өнөр;

13) маданият;

14) туризм;

15) адам укуктары, анын ичинде расалык, этностук, диний, гендердик же басмырлоонун башка бардык формаларын жоюу, ошондой эле адам сатуунун курмандыктарын коргоо;

16) коомдук тартип жана коомдук ынтымак;

16-1) пробация;

17) мигранттарга, аргасыз көчүп келгендерге жана качкындарга жардам.

(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2022-жылдын 5-августундагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-6)
