# 49-берене. Квалификациялык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 49-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-49

---

1. Арыз ээсинин квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызы төмөнкүдөй учурларда кабыл алуудан баш тартылышы мүмкүн:

1) жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин арызды бергенде;

2) арызда ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган маалымат жок болгондо;

3) ушул Мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык арызга тиркелүүгө тийиш болгон документтер берилбегенде.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арызды кабыл алуудан баш тартуунун себеби болгон кемчиликтер жоюлган жана арыз жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин кайрадан берилген шартта, арыз ээсин арызды кайрадан берүү укугунан ажыратпайт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-50)
