# 47-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 47-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-47

---

1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү квалификациялык тандоонун башталышы жөнүндө жарыя төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) мамлекеттик заказчынын аталышы, анын байланыш маалыматтары (почта дареги, электрондук почтанын, расмий сайттын дареги, телефон номери жана жооптуу адамдын байланыш маалыматтары);

2) социалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы жана номиналдык наркы;

3) сатылып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүүгө карата стандарттар же конкурстук талаптар;

4) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар;

5) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн тандоого катышуу үчүн ушул Мыйзамдын 48-беренесине ылайык арыздын мазмунуна карата талаптар жана зарыл документтердин тизмеги;

6) арызды жана тиркелүүчү документтерди берүү ыкмасы (жеке, почта аркылуу, электрондук почта аркылуу же болбосо мамлекеттик заказчынын расмий сайты аркылуу);

7) квалификациялык тандоого катышуу үчүн арызды жана документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү.

2. Квалификациялык тандоого катышууга арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-48)
