# 46-берене. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 46-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-46

---

1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш-тажрыйбанын болушу;

2) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу;

3) банктык эсептин болушу;

4) тиешелүү ишти жүргүзүүгө лицензиянын, аккредитациянын же уруксаттын болушу (эгерде иш лицензияланууга тийиш болсо же болбосо кызмат көрсөтүү үчүн башка уруксат зарыл болсо);

5) түздөн-түз социалдык кызмат көрсөтө турган кызматкерлерде лицензиянын (уруксаттын) болушу (эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча талап кылынса).

2. Мамлекеттик заказчы сатылып алынуучу социалдык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүгүнө жараша социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата төмөнкүдөй кошумча талаптарды коюуга укуктуу:

1) адистештирилген транспорттун жана/же жабдуунун болушу;

2) филиалдар же тейлөө түйүндөрүнүн жайылган тармагынын болушу;

3) социалдык кызмат көрсөтүү үчүн керектүү башка талаптар.

3. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата талаптар атаандаштыкты чектөөгө багытталган шарттарды, ошондой эле мамлекеттик социалдык заказдын жаңы аткаруучуларынын программага катышуусу үчүн тоскоолдуктарды камтый албайт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-47)
