# 45-берене. Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасындагы программаны ишке ашыруу боюнча пландын бөлүмүнүн мазмуну

- Документ: [Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111577)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 70 "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2388/edition/1268500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111577/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө, 45-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-45

---

Ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 4-бөлүгүндө саналган маалыматтардан тышкары, социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүү формасында программаны ишке ашыруу боюнча пландын бөлүгүндө төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш:

1) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга социалдык талондор бериле турган жарандардын категориялары жана саны;

3) социалдык талондор аркылуу көрсөтүлө турган социалдык кызмат көрсөтүүгө карата стандарттар же конкурстук талаптар;

4) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө карата квалификациялык талаптар;

5) социалдык талондун номиналдык наркы;

6) социалдык талондорду берүү тартиби, мөөнөтү, орду жана убактысы;

7) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн узактыгы жана мезгилдүүлүгү;

8) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөргө социалдык талондордун наркын компенсациялоо тартиби;

9) программаны сапаттуу ишке ашыруу максатындагы башка маалыматтар.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111577/st-46)
